Ыссык-Ата

Ыссык-Ата Айнек

Кыргыз Ала-Тоосунун этегинде жерден чыккан ысык суулардын эң белгилүүлөрүнүн бири – Ысык-Ата дарылык касиети бар булагы. Ысык-Ата (№6 скв.). Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан.
«Ысык-Ата» минералдык суусунун булагы жылдын бардык мезгилинде секундасына 54,5 градус ысыктыктагы сууну 8 л көлөмүндө чыгарып турат. Суу бир аз күкүрт даамданып турса дагы, мөлтүрөп таптаза. Курамында жалпы минералдашуусунун 17-20% түзгөн кремний кислотасынын, ошондой эле фтордун болушу анын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнөн болуп саналат.
«Ысык-Ата» минералдык, дарылык касиети бар ашкана суусу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим изилдөө институту тарабынан изилденген жана аны тамак сиңирүү органдарынын (гастрит, холецисти, колит), боордун, уйку безинин, заара чыгаруучу органдардын өнөкөт ооруларында, ошондой эле зат алмашуу бузулганда ичүүгө болот.
2016-жылдын июнь айында бөтөлкөсүнүн дизайны алмашып, ал эми суусу мурдагыдан да газдуу болуп калды. Жаңы дизайнга өндүрүүчүлөр сүйүүсүн гана кошпостон, символикалык маани да беришкен. Этикеткасындагы кызгылт сары түс ысык сууларды символдоштуруп турат. Ал эми төмөн караган жебе ошол ысык суу чыккан булакты, же болбосо Кыргызстандын жер казынасын түшүндүрүп турат.
Сактоо боюнча сунуштар: Абанын температурасы +5 до +20 С ашпаган, күн нурунан корголгон жерде, сактоо мөөнөтү 12 ай

 

 

АниондорHCO3¯ 20 - 50
SO4²¯ 35 - 100
CI¯ 15 - 50
F¯ 5 - 8
КатиондорCa²+ 6 - 25
Mg²+ < 5,0
Na++ K+ 30 - 80
H2SiO3 25 - 50
Минералдашуу(Русский) 150 - 300 мг/дм3

Попробуйте также