Сыйлыктар жана премиялар

КОШ ЖЕҢИШ – АР БИР КЫЗМАТКЕРДИН ЭМГЕГИ ЖАНА КӨПЧҮЛҮКТҮН ТАНДООСУ!

Мырзалардын #ONE MAGAZINE интеллектуалдык журналы жыл сайын өткөрүлүүчү #ONE MAGAZINE AWARDS аземин экинчи ирет өткөрдү. Сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи 2013-жылдын 22-июнунда «Ала-Тоо» клубдук ресторанында болуп өттү.
Жеңүүчүлөр эки ай бою жүргүзүлгөн элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталды. Журналдын сайтында 22-апрелден баштап 15 номинация боюнча эң мыкты персоналар, компаниялар жана долбоорлор үчүн добуш берүү жүргөн. Добуш берүү 22-июнда, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинин алдында эле аяктаган.
«Шоро» компаниясы үч номинацияда көрсөтүлүп, экөөндө жеңишке жетишип, эки статуэткага ээ болду. Биздин компанияга «Жылдын бизнеси» жана «Жылдын менеджменти» номинацияларында сыйлыктар тапшырылды.
Албетте, кош жеңиш – бул биздин керектөөчүлөрдүн бизге болгон урмат-сыйы жана биздин компанияда иштегендердин ар биринин эмгегинин жемиши.
«Жылдын бизнеси» номинациясы боюнча номинанттарды тандоодо мырзалардын интеллектуалдык журлналы төмөндөгү критерийлерди эске алган:
1. Кардарга багыт алуу
2. Ɵлкө үчүн, өлкөнүн экономикасы, эли үчүн пайда келтирүү
3. Компаниянын динамикалуу өнүгүшү
Журнал белгилегендей, «Жылдын бизнеси» номинациясы – бул жөн гана бизнес эмес, бул өзүнүн өнүккөн инфраструктурасы бар чыныгы мега-корпорация. Ɵзүнүн чөйрөсүндө булар мыктынын мыктысы болууга жетишти. Булар жаш ишкерлер үчүн эчак эле кол жеткис идеалга айланышкан.
Биздин керектөөчүлөр коюлган талап-критерийлердин бардыгына макул болуп, биздин компания үчүн добуш бергендерине абдан кубанычтабыз. Добуш берүү убагында көптөгөн жылуу пикирлерди угуп жаттык. Ар бир кызматкери чын жүрөгүнөн жана берилүү менен жасап жаткан иши үчүн компаниянын атына жылуу сөздөрдүн, каалоо-тилектердин айтылып жатканы биз үчүн жагымдуу. Мындай жылуу пикирлер – керектөөчүлөр рыногунда «Шоро» компаниясына болгон ишеним менен сүйүүнүн эң чоң далили.
Экинчи статуэтканы «Жылдын менеджменти» номинациясында алдык, мында лидерлик сапаттар жана жамаатты мыкты башкара билүү жөндөмү мааниге ээ болду. «Жылдын менеджменти» номинациясын жеңип алуу үчүн биз менен биргеликте «Дордой» ассоциациясы, «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК, жана «Бай Түшүм жана өнөктөштөр» ЖАК күрөшүштү.
Кадыр-барктуу деп саналган аземдеги бул экинчи жеңишибиз кайрадан эле «Шоро» компаниясынын менеджментинин сапатына жана мыктылыгына жогорку деңгээлде берилген баа болду.
Биз жыл өткөн сайын өнүгүп- өсүп жатабыз. Эң алды менен биз ичибизден өнүгүп жатабыз, кызматкерлердин саны өсүп жатат, учурда 300 адам туруктуу негизде иштесе, 1200гө жакын адам марттан октябрга чейинки сезон убагында иштешет.
Компаниянын саясаты дарамети, алдыга умтулуусу күчтүү кызматкерлерди өстүрүүгө көп көңүл буруп, ал үчүн адистиктер боюнча ички тренингдерди өткөрүп, кызматкерлерди квалификациясы жогору адистерге окууга жиберип турат. Биздин көптөгөн кызматкерлер компаниянын колдоосу менен чет өлкөлөргө стажировкага жана окууларга барып келишти.
Ийгиликтүү менеджмент көпчүлүк учурларда жетекчиден көз каранды. «Кадрлар бардыгын чечишет» деген учкул сөз жамаатты жетектей билген жөн билги жетекчиге эң эле тааныш болушу керек.
Дал ушул кадр маселесине туура мамиле жасай билүү бизнес ээлерине натыйжалуу менеджмент түзө билүүгө көмөк берип, ал өз учурунда жалпы ишкерликтин ийгиликтүү курулушуна таасирин берет. Дал ушул прагматикалуу жетекчилер алардын жамаатка жасаган мамилесинен жана кадр саясатына өзгөчө көңүл буруусунан көп нерсе көз каранды экендигин жакшы түшүнүшөт.
Ошондуктан башкы директорубуз Эгембердиев Жумадыл Бердигулович жогорудагы көз караштарды карманып, демократиянын принциптерине негизделген кадр саясатын түзүп чыкты. Анын кесипкөй сезе билүүсүнүн аркасында «Шоро» компаниясы көптөгөн татыктуу кадрларды өстүрүп чыкты. Буга башкы директордун өндүрүштүк бөлүм боюнча орун басары Нурдин Османбаевдин оңой эмес, бирок ийгиликтүү окуясы эң эле ачык жана сыймыктана турган мисал боло алат.
Бул окуя – жөнөкөй эле бала өз өмүрүндөгү эң эле оор, бирок маанилүү чечимди кантип кабыл алып, анын аркасында өлкөбүздөгү эң ийгиликтүү компаниялардын биринин тарыхына кантип кирип калгандыгынын ачык мисалы.
Ийгиликтин далили болгон бул мисал жалгыз эмес экендиги кубандырат. Компаниянын ар кыл бөлүмдөрүнүн көптөгөн начальниктери жана директорлору «Шородогу» эмгек жолдорун жөнөкөй жумушчулуктан башташкан.
Жетекчилер менен жумушчулардын, директорлор менен менеджерлердин ийгиликтүү тандеминин аркасында биздин компания көптөгөн жеңиштерге жетишип, эл арасында кадыр-баркка ээ болуп келе жатат.
Биздин иштин философиясы эң эле жөнөкөй – атаандаштардан ашыра иштөө, өлкөнүн жыргалчылыгы жана улуттун саламаттыгы үчүн иштөө. Бул биздин колдон келет. Бизди таанышат жана сыйлашат. Биздин зоболобуз бийик жана аны сактай билебиз.
Мунун бардыгы «Шородо» иштеген ар бир адамдын ийгилиги болгондуктан, ар бири алкыш алууга татыктуу. Ɵмүрүн арнап, жанын берип иштегени үчүн татыктуу.

Бирге биз күчтүүбүз. Шоро – бул күч-кубат!

наргады