Компаниянын өнүгүү тарыхы
«ШОРО» ЖАК
«ШОРО» ЖАКтын тарыхы
Улуттук суусундук болгон максымды кеңири өндүрүү идеясы компаниянын Президенти Таабалды Эгембердиевдин башына 1987-жылы кооперативдик кыймыл күркүрөп өнүгө баштаган мезгилде келет. Көпчүлүктүн үч уктаса түшүнө да кирбеген бул ойду кичүү иниси Жумадыл Эгембердиев менен алардын энеси– күнүмдүк дасторконун буркурап ачыган максымсыз элестете албаган Сүйүн да колдоого алышат. Ал кезде «маркетингдик изилдөө» жүргүзүшпөсө да, ага-ини Эгембердиевдер тээ сезиминин түпкүрүндө бул идея сөзсүз ишке ашарына эмнегедир ишенип турушту. Анткени шаардан айылга алардын үйүнө келген кандай гана мейман болбосун, алгач эле бешбармакка да эмес, каймак-майына да эмес, биринчи эле максымды сурап, көбүк чертип буркурап турган Максымга куштар болуп турушканынан алар бул суусундук базарда өз ордун ээлей тургандыгынан кам санашкан эмес экен. Бирок идея жаралгандан баштап иш жүзүнө ашканга чейин жакшылап ойлонууга, психологиялык жактан даяр болууга жана эң башкысы бир катуу түрткү болгонго чейин 5 жыл өтөт. Агасы менен иниси экөө тең инженер-куруучу адистиги боюнча жогорку билим алышып, өз кесиптери менен иштеп жатышкан. Жан бактырып жаткан иштерин таштап салып, же тыйын-тыпыры жок, же бир жардам берген өнөктөшү жок, жок дегенде ылайыктуу жайы жок эле иш баштайм дегендик, бир карасаң, акылга сыйбай турган нерсе эле. Алгач иш баштаган тааныштары бюрократиянын азабын кандай тартышкандарын көрүп андан да жүрөксүп турушту. 1992-жылы иш баштоого чоң түрткү берген себеп болот. Ошол мезгилде Эгембердиевдердин үй-бүлөсүнөн бешөө: Жумадыл Эгембердиев, анын аялы Сапышева Жекин, Таабалды Эгембердиев, анын улуу баласы Эгембердиев Алмаз, бир тууган карындашы Анара Эгембердиева, мурунку ишинде чогуу иштеген кесиптештери Доктурбек Кенжебаев, Токтокожоев Келдибек жана Ɵскөн Акматовдор (булар да инженер-куруучулар болушкан) жумушсуз калышат.
Булардын баары биригип башкы технологдун милдетин аткарган Сүйүн апа менен биргеликте 1992-жылдын 29-майында алгачкы жолу базарга 80 литр максым алып чыгышат. Алар күткөндөй эле укмуштуудай ийгиликке жетишишет.80 литр максым 2 сааттын ичинде сатылып бүтөт.
Ошондон тартып 1995-жылга чейин компанияда бир негизги көйгөй болуп келген: рынокто жаралган суроо-талапты канааттандыруу мүмкүн болбой жатты, анткени жасалган максымдын (3 тонна) бардыгы түшкө жетпей түгөнүп жатты. Максым салттуу технология боюнча, башкача айтканда, колго 100 литрлик казандарга кайнатылып жасалчу. Ошол мезгилде компаниянын Президенти Т. Эгембердиев коомдук-саясий ишмердүүлүгүн толук токтотуп, бизнеске баш-оту менен кирип кетет. Ага максымды жасоо процессин толук бойдон механизациялоо ою келет да, тамекисинин түтүнүн үйлөп коюп жумушчуларына 2-3-жылдан кийин алар аппак халаттарды кийип алышып, кнопкаларды басып, крандарды бурап гана иштеп калышарын айтканда, жумушчулары бул жомокко анча ишене бербей, унчукпай баш ийкеп тим болушкан экен. Бул жомок толук иш жүзүнө ашканга чейин анын автору көп жолу жаңылып, көптөгөн убаракерчиликти, кыйынчылыктарды баштан кечирет. Моралдык жактан эскиргендигине байланыштуу кээ бир жабдууларды ыргытканга туура келет, жараксыз болуп калгандыктан жүздөгөн тонна максым төгүлөт. Ошентип отуруп оптималдуу технологияга жеткенчекти бир топ чыгашага да учурашат. Бирок Т. Эгембердиев өзүнүн өжөрлүгү менен көк беттигинин араксында жомокту чынга айландырды. Эми азыр «Шоро» компаниясы максым өндүрүшүнүн толук механизацияланган технологиясына ээ жана суткасына 70 тонна максым өндүргөн дүйнөдөгү жалгыз ишканага айланып отурат. 1998-жылдан баштап «Максым-Шоро» бөтөлкөдө чыгарыла баштады. 1999-жылдан тартып компания сууну куюштуруучу линияга ээ болуп, Кыргызстанда биринчи болуп «Легенда» ашкана суусун, андан соң «Арашан», «Байтик» минералдык сууларын чыгара баштайт. Көп өтпөй минералдык суулардын ассортименти «Ысык-Ата», «Жалал-Абад», «Шоро-Суу», «Кара-Кече» жана «Бишкек» суулары менен толукталат.
Башка улуттук суусундукту – узакка мөөөнөткө чейин сакталуучу жогорку сапаттуу кымызды чыгаруу идеясы Таабалды Эгембердиевге 1996-жылы келет. Дал ошол жылы Соң-Көлдөгү малчылардан кымыз жыйнап, рынокко алып чыгууга болгон эки жолку аракети тең толук финансылык бүлгүнгө учурайт. Жыйналган кымыз кандай аракет көрбөсүн 3-4-күндөн кийин ичүүгө жараксыз болуп калып жатты. Бирок бул кыйынчылыктарга баш ийип бербей, бул абалдан чыгуу керек эле.
Төрт жыл бою айылдагы аксакалдардан, байбичелерден жакшы кымыз жасоонун сырларын үйрөнгөн Таабалды Эгембердиев кымызды салттуу технология боюнча, б.а., челектер менен чаначтарда, анын үстүнө жайлоо шартында жасоого мүмкүн эместигине көзү жетет. Кымызга байланышкан ийгиликсиз аракеттери ийгиликтүү эки чечимдин башын ачат: биринчиси – жайлоодон кымыз эмес, бээнин сүтүн чогултуш керек. Экинчиси – кымызды Бишкекте жаңы технология боюнча жана лабораториянын көзөмөлү алдында дат баспаган идиштерде ачытуу керек. 2000-жылы компания 6 айга чейин жапжаңы бойдон сактала турган кымызды жасоонун жаңы технологиясын иштеп чыгат. 2001-жылдан тартып өндүрүлгөн кымыздын 70% Москвага экспорттоло баштайт. 2004-жылдан баштап компания улуттук суусундуктардын дагы эки түрүн – «Тойбос» жармасын жана «Тагай» чалабын чыгарууга өтөт. Бүгүнкү күнү бул суусундуктар Кыргызстанда гана эмес, Казакстанда да чоң суроо-талапка ээ. 2004-жылдын дагы бир маанилүү окуясы – Кыргызстандын таланттуу жаштарынын арасында «Шоро Лидерлеринин Фабрикасы» деген аталыштагы конкурс өткөрүлөт. Конкурска 3000ден ашык студент катышып, төрт турдан турган таймаштан 35и тандалып, алар кошумча тренингдерден окутулат да, жаңы прогрессивдүү кызматкерлер катары компаниянын бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлүшөт. Компания бул таланттуу балдарга чоң үмүт артат. Ушул эле жылы компания ири шаарлар болгон Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда «Максым-Шоро» суусундугун клиникалык медицинада колдонуу тажрыйбасы» деген аталышта республикалык илимий –практикалык медициналык конференция өткөрөт. Бул конференциянын матералдары Борбор азиялык медициналык журналга басылып чыккан.
2005-жылы компания коңшу Казакстан Республикасынын рыногуна ийгиликтүү кирет. Бүгүнкү күндө Кордай шаарында максым жасай турган завод курулган. Ал эми Алматы шаарында компаниянын бөтөлкөлөргө куюлган продукциясын казак рыногуна жайылтуу менен алек болгон дистрибьютердик контора ачылды.
«Шоро» компаниясы адам ресурстарын башкаруу бөлүмү аркылуу демократия принциптерине негизделген заманбап кадрдык саясатты жүргүзүп келет. Компаниянын ар бир кызматкери корголгон, ал эми жаңы кадрлар жумушка конкурстук негизде гана кабыл алынат. Мындан тышкары кызматкерлер мезгил-мезгили менен Кыргызстандын эң мыкты консалтингдик компанияларында тренингдерден өтүп турушат.
Ошондой эле компаниянын кызматкерлерге арналган китепканасынан менеджмент, маркетинг, пиар жана сатып өткөрүү боюнча дүйнөлүк маанидеги китептерди табууга болот.
«Шоро» компаниясы көптөгөн жылдардан бери Европа Ɵнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланган ТАМ (Turnaround management) эл аралык программасы менен кызматташып келет.Бул программанын АКШ жана Канада өңдөнгөн өнүккөн өлкөлөрдүн тамак-аш өнөр жайында дасыгып иштеп келген адистери «Шоро» компаниясынын чечүүчү кызматкерлерине жана топ менеджментине өндүрүш, менеджмент, маркетинг, сатып өткөрүү, адам ресурстарын башкаруу ж.б. маселелер боюнча кеңештерин берип турушкандыктан, компания бул багыттагы дүйнөлүк тажрыйбаны өзүнө сиңирип, заманбап компанияга айланып отурат.
Кыргызстандын түштүгүндө компаниянын өзүнүн өндүрүштүк базалары жана кызматкерлери бар филиалы ачылган. Ал Бишкек шаарындагы башкы ишкана тарабынан иштелип чыккан фирманын бирдиктүү стратегиясына ылайык иш жүргүзөт.