«Шоро» компаниясы Сизге эки тарапка тең пайдалуу болгон кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайт.
«Шоро» ЖАК 1992-жылы негизделип, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы эң эле динамикалуу өнүгүп жаткан компаниялардын бири болуп саналат. «Шоро» компаниясы 20 жылдан ашык убакыттан бери улуттук суусундуктарды, минералдык жана булак сууларын, ошондой эле кычкыл сүт азыктарын жана снек продукциясын өндүрүп сатуу боюнча Кыргызстандын рыногунда алдына эч кимди сала элек.
Биздин компания чыгарган продукциянын ассортиментинде :
Булак суулары жана минералдык суулар:
Улуттук суусундуктар:
Кычкыл сүт азыктары:
Компаниянын стратегиясы коомдун улам өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жогорку сапаттуу жана пайдалуу азык-түлүктөр рыногун өнүктүрүүгө, ички рыноктогу ордун бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле тышкы рынокторго (экспорт) чыгууга багытталган.
Бишкек шаары жана Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча сатып өткөрүү каналдарынын бардыгын максималдуу түрдө камтууга жетишүү, керектөөчүлөр продукцияны жакшы таанып билүүсүн камсыздоо, ошондой эле өнөктөштөр менен керектөөчүлөрдүн компанияга болгон лоялдуу мамилесин жогорулатуу компаниянын коммерциялык саясат жаатындагы негизги максаттарынан болуп саналышат.
Биздин компания чыгарган продукция жогорку сапаттуу, атаандаштыкка туруктуу, уникалдуу жана Кыргызстандын рыногунда суроо-талапка ээ болушу биздин негизги артыкчылыктарыбыздан болуп саналышат. Ассортименттин кеңдиги, компаниянын складдарында дайыма мөөнөтү жаңы продукциянын болушу, заказдардын ыкчам аткарылышы да артыкчылыктарыбыздын катарын толуктайт.
Биздин компания мындан ары да кеңейүүнү, жаңы рынокторду багындырууну максат кылат жана кызматташуу боюнча бардык сунуштарды кароого даяр.
Биз менен кызматташуу – бул өнөктөштөрдүн ар бирине жекече мамиле жасоо, бул жеңилдиктердин ийкемдүү системасы, жеткирип берүүнүн оптималдуу шарттары, компаниянын продукциясын сатып өткөрүүгө көмөктөшүү, сатып өткөрүүгө стимул берүүчү иш-чараларды иштеп чыгууга жана ритейлерлер менен компаниянын өнөктөштөрүнө гана эмес, керектөөчүлөргө да багытталган жарнамалык кампанияларды өткөрүүгө көмөктөшүү.
«Шоро» компаниясы узак мөөнөттүү иштешүүгө жана компаниянын продукциясын алдыга жылдырууга кызыктар адамдардын бардыгын кызматташууга чакырат. Биз өз тарабыбыздан туруктуу, сапаттуу жана профессионалдуу кызмат көрөсөтөбүз деп кепилдик бере алабыз.
Сиз кызыккан суроолоруңуздун бардыгына жоопту компаниянын Сатуу бөлүмдөрүнө төмөнкү номурлар боюнча чалып ала аласыз:
+996 312 36 14 21
+996 312 36 19 01
Ошондой эле биздин электрондук дарекке да кат жазсаңыз болот: zayavka@shoro.kg