«Шоро» компаниясы Кыргызстандын рыногунда 1992-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул ишкерликти түзүүнүнтүпкү идеологиясы экологиялык жактан таза жана ден соолукка пайдалуу азыктарды чыгаруу менен ата-бабалардын салтынкайра жандандыруу болгон. Дээрлик 25 жылдык тарыхы бар компания бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын рыногунда улуттук суусундуктардын гана эмес, ошондой эле газдалган жана газдалбаган суулардын, табигый булак сууларынын жана минералдык суулардын бирден бир өндүрүүчүлөрүнөн болуп саналат.
«Шоро» компаниясы өзүнүн беделин гана эмес, жалпы эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин көтөрүү максатында улуттук суусундуктарды жана булак сууларын тышкы рынокко чыгаруу үчүн сапат менеджментинин деңгээлин жакшыртуунун үстүндө дайым иштеп келет.
Учурда компания улуттук суусундуктардын сериясын чыгарып, аларды Казакстан менен Орусиянын базарына алып чыгууга жетишти.
«Шоро» ишканасы ата-бабадан калган асыл салттарды сактоо менен маданиятыбыздын өнүгүшүнө салымын кошуп, коомубуздун ар бир мүчөсүнө биздин өлкөнүн жана элибиздин асыл баалуулуктарын жеткирүүгө аракет жасап келет.
«Шоро» компаниясынын улуттук суусундуктары ата мекендик жана эл аралык көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү болуу менен улуттун сыймыгы болуп калды.