Компания жана миссиясы тууралу маалымат

Жыйырма беш жылдан ашык убакыт мурун кайра куруу мезгилинде түзүлгөн «Шоро» компаниясы бүгүнкү күндө ата-бабалардын салтын сактай алган, рынокто лидерлик ордун ээлеген жана бизнестеги ийгиликтин бирден бир ачкычы болгон керектөөчүлөрдүн ишенимине кире алган бирден бир компания катары Кыргызстандагы бизнестин флагманына айланып отурат.

Миссияга киришүү иретинде:

Каада-салттарыбыздын көөнөрбөстүгү, жаркын келечекке умтулуу, кыргыз маданиятынын жана бүткүл дүйнө жүзү тааныган заманбап технологиялардын уникалдуулугу дайым өсүш үстүндө болгон компаниянын жаралышына негиз болгонуна биз сыймыктанабыз. «Шоро» компаниясы дегенде сапат жана ишеним деген сөздөр эске келет, ал эми компания башкаларга сабак, үлгү болгудай жолду басып өттү.

Миссия:

«Биз жогорку сапаттуу жана пайдалуу азыктарды өндүрүү менен дени сак коомду түзүүгө салымыбызды кошобуз»

  • Дан өсүмдүктөрүнөн жана уйдун сүтүнөн даярдалган табигый тамак-аш азыктарынын өндүрүүчүсү
  • Кыргызстандын эң эле таза булактарынан алынган табигый таза жана минералдык суулардын өндүрүүчүсү
  • Ɵндүрүштүн заманбап технологияларын пайдалануу менен сергек жашоо образын үгүттөп жайылткан мультибренддик компания

БИЗ БААЛАГАН САПАТТАР

Кесипкөйлүк

«Шоро» – бул кандай гана татаал кырдаал болбосун, өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так, натыйжалуу жана ишенимдүү аткарууга жөндөмдүү болгон кесипкөй адистердин компаниясы. «Шоронун» кызматкерлери – бул кызматкердин компаниядагы ишмердүүлүк субъектиси катары гана эмес, теориялык жана практикалык билимдерге, жетишкендиктерге, жакшы көрсөткүчтөргө, ошондой эле мотивация менен умтулууга ээ болгон инсан катары оң мүнөздөмөсү.

Стабилдүүлүк

«Шоро» алкоголдук эмес суусундуктар рыногунда экинчи он жылдыкты башынан кечирүүдө. Топтогон тажрыйбасы компанияга тездик менен өнүгүп жаткан рыноктун шарттарында ишенимдүүлүк менен алдыга жылууга мүмкүнчүлүк берет. «Шоро» кыска аралыкта эле баш айланткан ийгиликке жетишип, болуп көрбөгөндөй киреше таап, акчага туйтунууну максат кылбайт. Компания рынокто узак убакыт бою туруктуу «өмүр сүрүүнү» максат кылгандыктан, ишенмидүү өнөктөштөр менен эки тарапка тең пайдалуу болгон узак мөөнөттүү мамиле курууга аракет кылат.

Ишенимдүүлүк

Компания коммерциялык уюм болгондуктан, ага мүнөздүү болгон тышкы жана ички коркунучтарды үзгүлтүксүз талдоого алып, мониторинг жүргүзүп турат. Бул финансылык-экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөрдү квалификациялуу түрдө божомолдоого же прогноздоого жана жаңы шарттарда ийгиликтүү аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Компания өзүнүн кардарларынын жана өнөктөштөрүнүн алдындагы бардык милдеттерин дайым аткарып келген жана мындан ары да аткара бермекчи. Ошондуктан ага ишеним артышат, себеби ал КР рыногунда жыйырма жылдан бери жашап, өнөктөштөр менен керектөөчүлөрдүн ишенимине арзыган.

Ачык-айкындуулук

Практика көрсөткөндөй, ишмердүүлүгү кардарларына ачык-айкын көрүнүп турган компания ишенимге татыйт. Ошондуктан «Шоро» учурдагы жана келечектеги өнөктөштөр менен кардарлар алдында өндүрүш ишмердүүлүгүнүн, иш-аракеттеринин болушунча айкын жана так болушун көздөп иш алып барат. «Шоро» компаниясы конструктивдүү кызматташтыкка ар дайым даяр жана биздин жана биздин кардарлардын, өнөктөштөр менен акционерлердин бизнесинин өнүгүүсүнө шарт түзө турган жаңы табылгаларды ар дайым кубаттайт.

Социалдык багыт алуучулук

Компаниянын эң негизги байлыгы – ага өз карьерасын ишенип тапшырышкан адамдар. Кызмтакерлерге карата саясат жүргүзүүнүн негизин алардын өз мүмкүнчүлүктөрүн, кесиптик билимдерин толук ишке ашыруулары үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө, ошондой эле алардын эмгегин татыктуу баалап, татыктуу сыйлай билүүгө умтулуу түзөт. «Шоро» – бул биримдиктүү команда. Бир кызматкердин жетишкен ийгилиги – бул жалпы эле компаниянын ийгилигинин жана гүлдөп-өсүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Компаниянын бардык кызматкерлери күнүмдүк ишинде көрсөтмө катары пайдаланган принциптердин аркасында «Шоро» компаниясы ишенимдүү, заманбап жана улуттун сыймыгы болгон ишкана катары таанылып, көпчүлүктүн ишенимине арзыды.

«Шоро» ЖАКтын кайрымдуулук иштери жана социалдык активдүүлүгү

Бүтүндөй компаниянын жана андагы ар бир кызматкердин корпоративдик ой жүгүртүүсүнүн негизин кайрымдуулук, кайдыгер болбоо сапаттары түзөт.

Биздин жаркын келечегибизди чогуу куруу максатында учурдагы коомдун курч жана көйгөйлүү маселелерин чечүү үчүн биздин керектөөчүлөр менен биргеликте өлкөбүздө болуп жаткан спорттук жана маданий маанилүү иш-чараларды ар дайым колдоого аракет жасап келебиз.

Биз колдойбуз жана көмөктөшөбүз:
1) Дени сак жана гармониялуу коомду куруу үчүн биз профессионалдык жана балдар спортун колдоп келебиз, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый мурасын сактоого жана маданиятын көтөрүүгө да салымыбызды кошуудабыз.
2) Калктын социалдык жактан аялуу катмарынын – жетим балдардын, майып адамдардын жашоосун жеңилдетүүгө жардам берген долбоорлорду кыя өткөрбөй катышып келебиз.
3) Айлана-чөйрөнү – жаратылышты коргоого, шаарды жашылдандырууга жана жакшыртууга багытталган программалар менен иш-чараларга дайым катышабыз.
4) Билим берүү чөйрөсү да өзгөчө орунду ээлейт. Биз билим берүү прроцесстерин, билим берүү стандарттарынын сапатын көтөрүүнү, ошондой эле компаниянын кызматкерлеринин гана эмес, жалпы коомдун кесиптик деңгээлин билим берүү (семинарлар, конференциялар, тегерек столдор, тренингдер) аркылуу көтөрүүнү колдойбуз жана буга көмөктөшөбүз. Биз жаш муундун татыктуу билимге ээ болушун кызыкдарбыз.
5) Жаңы жана чечкиндүү идеяларды колдойбуз. Жаңы нерсени түзүүгө карата талыкпаган аракетти, чыгармачылыкты жана эргүүнү биз баалай билебиз. Ошондуктан концерт болобу, кинематограф болобу – капыстан чыгып калган долбоорлорго да көмөгүбүздү аябайбыз.