Бүгүнкү күндө сергек жашоо образын жүргүзүү бүтүндөй республикага кулачын жайып барат. Химиялык кошулмаларсыз жана консерванттарсыз табигый азыктардын популярдуулугу улам барган сайын артып баратат. Ошондуктан ата мекендик рынокто алкоголу жок улуттук суусундуктардын өндүрүшүндө «Шоро» компаниясы айныгыс лидер болуп саналат.
Компания кардарларына продуктулардын кеңири ассортиментин сунуштайт, атүгүл талабы эң эле күчтүү кардар дагы булардын ичинен өзүнүн табитине ылайыктуусун сөзсүз табат. Ассортименттеги «Максым Шоро», «Чалап Шоро», «Жарма Шоро», «Бозо Шоро» улуттук суусундуктары мекенибизде гана эмес, чет жерлерде да элдин тандоосуна ээ болуп, кыргыз улуттук маданиятынын ажырагыс бир бөлүгүнө айланып отурат.
Компаниянын ийгилигинин сыры эмнеде жана жакынкы келечекте аны эмнелер күтүп турат? Мындан жыйырма жыл мурун улуттук суусундуктардын илгерки рецептери биримдик менен жол улоочулуктун символуна айланган масштабдуу өндүрүштүн негизин түзүп калат деген нерсе эч кимдин оюна да келген эмес. Бардыгы 1992-жылы башталды. Дал ушул жылы компанияны негиздеген ага-ини – Таабалды жана Жумадыл Эгембердиевдер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү алгачкы жолу рынокко өз продукциясын – 80 литр максымды алып чыгышкан. Бул жаңылык коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, кызыгуусун жаратты да, максымды мурда ичип жүргөнүнө да, биринчи жолу ичип жатканына да бул идея жагып, ошону менен ага-ини Эгембердиевдер ийгиликтин башатын багындыра башташкан. Максым эл ичинде кандай суроо-талапка ээ экендигин көрүп, бул иштин келечеги кең экендигине көзү жеткенден кийин Т. Эгембердиев улуттук суусундуктардын өндүрүшүн чоңураак масштабда жүргүзүүгө бел байлайт.
«Шоро» компаниясы өзүнчө уникалдуулугу менен айырмаланат. Ɵзүн мультибренддик деп санаган компанияда керектөөчүлөрдүн күн сайын өсүп жаткан муктаждыктарын жана каалоолорун канааттандыруу үчүн өндүрүштүн технологиясын жакшыртуунун, өнүктүрүүнүн үстүндө күнүгө жан үрөгөн эмгек жасалып жатат. Эмгек жамаатындагы жогорку квалификациялуу адистер компаниянын рыноктогу биринчилигин бекемдеп туруу максатында алдыдагы милдеттерге жетишүү үчүн өзүлөрүнүн билимин жана тажрыйбасын болушунча жумшап эмгектенишүүдө. Ал эми жамааттын аракетинин аркасында чыккан продукциянын сапаты жогору жана ал табигый ингредиенттерден гана турат. Продукциянын көп түрдүүлүгүнөн улам ар бир кардар өзү каалаганын таба алат.
«Шоро» өз продукциясын базарга алып чыгуунун адаттан тыш ыкмасын алгачкы болуп колдонгон: максым куюлган жыгач челектерди жаз-жай айларында шаардын ар бир бурчунан табууга болот. Технологиялык процессти жолго коюп жана андан ары да өнүктүрүү менен, товарды камсыздоочулар менен байланышты бекемдөө менен жана керектөөчүлөрдүн татыктуу сыйына ээ болуу менен, дени сак улут идеясын ишке ашыруу жана жайылтуу менен компания ишенимдүү түрдө алга кадам таштап турган кези. Албетте, улуттук суусундуктарды жасоонун илгертен келаткан салттары, ыкмалары туруктуу жана өзгөрүлбөс бойдон калды. «Шоронун» ийгилигинин сыры дал ушул ата-баба салтын улантуучулукта да.
Ɵндүрүштүн ар бир баскычы кылдаттык жана өзгөчө көңүл буруу менен көзөмөлгө алынат, заманга ылайык жаңыланган жана жогорку технологиялуу жабдууларды колдонуу менен сырьенун эң мыктысы гана тандалып алынат. Ар бир керектөөчүнүн ден соолугуна кам көргөн компания сапаттын эл аралык стандарттарын ар дайым сактап келет. Ишмердүүлүгүнүн ар бир аспектиси жакшы ойлонулуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталгандыгы эч кандай шек жаратпайт.
«Шоро» компаниясынын жетекчилиги ушуну менен эле токтоп калбастан, тескерисинче улам жаңыланып, алдыга умтулуп, тездик менен өнүгүп жаткандыгын продукциянын негизги линиясынын ар кандай модификацияларын, ошондой эле жаңы саамалыктарды чыгарып жаткандыгы далилдеп турат. 2000-жылдан баштап компания табигый жаратылыш сууларынын ассортиментин чыгара баштады. «Легенда», «Ысык-Ата», «Байтик» жана башка белгилүү бренддерди элге сунуштоо менен «Шоро» рыноктун лидерлеринин бирине айланды. Бул продукция компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптеринен тайбай, жогорку сапаты жана ыңгайлуу баасы менен айырмаланып келет. Бирок кээ бир кара санатай кишилер «Шорону» лидерлик позициясынан ажыратуу жана элге жаман көрсөтүү максатында өндүрүлгөн суулардын нукуралыгы менен сапатына байланыштуу ар кандай ушак-айыңдарды таратууга аракет жасап келишет. Арийне компаниянын кызматкерлери четте туруп, баарына көзүн жумуп туруп калбастан, мындай кара санатай адамдардын ыплас аракеттеринин алдын алып, алар менен күрөш жүргүзүп жатышат. Ошондуктан ишкана тарабынан атайын кампания иштелип чыгып, анын жүрүшүндө чыгарылган суулардын бардыгы табигый булактардан алынып, андан соң көп баскычтуу тазалоо процессинен өтө тургандыгы, анан барып алармандын же керектөөчүнүн сынына рынокко чыга тургандыгы ачык көрсөтүлгөн.
Жогруда белгилегенибиздей, «Шоро» компаниясынын улуттук суусундуктары жылдын аптаптуу мезгилинде өзгөчө суроо-талапка ээ болуп, чаңкоону гана кандырбастан, табитти да ачып, адамга кубат берет. Бул мезгилде суусундуктардын сатылышы жогорку көрсөткүчкө жетет. Арийне булардын баарын талдоого алган компания жетекчилиги жылдын суук мезгилдеринде да элдин суроо-талабына ээ болуп, алардын керектөөсүн кандырыш керек деген максатта «Бозо Шоронун» эки түрүн: күчтүү жана жумшак түрлөрүн чыгаруу чечимин кабыл алышкан. 2012-жылы уникалдуу рецепт иштелип чыгып, анын негизинде рынокко бал кошулган «Бозо Шоро» жана чычырканак кошулган «Бозо Шоро» чыгарылат да, алар тез аранын ичинде эле калың элдин сүймөнчүлүгүнө жана тандоосуна татыган.
2008-жылы рынокко «Шоро» компаниясынан жаңы саамалык – «Курут» чыгарыла баштайт. Курут – калориясы жогору жана узакка чейин бузулбай сактала турган кычкыл сүт азыгы. Компания бул продукциянын эки тарабына абдан маани беришкен: нукуралыгына жана жегенге ыңгайлуу болушуна, ошондуктан курут көпкө чейин бузулбай сактала тургандай ыңгайлуу таңгакта чыгарылып келет.
Бүгүнкү күндө компаниянын иштеп чыгуучулары рецепттер менен технологиялык учурларды гана эмес, таңгак маселесин да өркүндөтүүнүн үстүндө жигердүү иштеп келет. Биз билгендей, продукция эки түрдө – даяр бөтөлкөлөргө куюлуп жана куюп сатма түрүндө чыгарылат. Продукцияны куюп сатуу түрү башка негизги атаандаштарга мүнөздүү болбогон уникалдуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Ушуга байланыштуу бөтөлкөгө куюп сатуу ыкмасын өнүктүрүү үчүн жигердүү аракеттер көрүлүп жатат. Компания өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан жылдар аралыгында кардарлардын ар кандай каалоолорун, анын ичинде кандай идиштен кантип ичиш керектиги, кайсынысы ыңгайлуу боло тургандыгы маселесине да олуттуу көңүл буруп, кардарларга бул маселеде да кам көрүп жаткандыгын алармандар ыраазычылык менен белгилешет. Упаковканы модификациялоонун үстүндө тыным албастан иштөөнүн аркасында «Шоро» ар бир кардарынын каалоосун эске алуу менен 2013-жылы келечекте ыңгайлуулуктун жана жаңы технологиялардын эталонуна айлана турган жаңыртылган бөтөлкөнү элге тааныштырат.
«Шоро» компаниясынын ийгилигинин дагы бир сыры байсалдуу жол баскан 21 жыл аралыгында чет өлкөлөрдөн келген стратегиялык өнөктөштөр менен тыгыз жана узак мөөнөттүү байланыштарды орното алгандыгында. Мунун аркасында ата мекендик базар менен эле чектелип калбастан, өндүрүштү мындан да кеңейтип, жаңы рынокторду багындыруу керек деген стратегиялык максаттар аныкталган. «Шоро» өз жеринде, өз элинде гана эмес, чет жерлерде да баар таап, башка элдердин да сыйына, урматына , сүйүүсүнө татыган ийгиликтүү компания болууну самайт. Ишкерликке жоопкерчилик менен мамиле жасоо бул компаниянын өзгөчөлүү сапаттарынан болуп саналгандыктан, ал күндөр да алыс эмес деп туралы.
Керектөөчүлөрдүн жана коомчулуктун башка да өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болуу менен «Шоро»компаниясы рыноктогу айныгыс лидер боло алды. Ɵндүрүштү заман талабына шайкеш келтирүү менен, бардык техникалык аспектилерди өркүндөтүү менен, кызматкерлерине кам көрүү менен, өз өнөктөштөрүн заманбап инфраструктура менен камсыздап жана эки тарапка тең пайдалуу шарттарды түзүү менен компания ийгиликтүү өнүгүүнүн жолуна бекем тура алды. Ɵзүнүн күч-кубатын улам арттырып отуруп «Шоро» теңата атаандаштарын да артта калтырып, рыноктогу позициясын бекем турукташтырып койгондугун эч ким тана албас.
Ата-бабалардын салтын улоо, улуттук маданиятыбыздын башатына кайрылуу заманыбыздын феноменине айланган «Шоронун» ийгилигинин эң башкы сыры болуп калды.