Бүгүн, «Шоро» компаниясынын туулган күнүндө, улуттук суусундуктарды куюштуруучу жогорку өндүрүмдүү линияны киргизүү долбоорунун ийгиликтүү аяктагандыгын билдиргибиз келет. Бул бизге өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүүгө жана экспорттук потенциалды арттырууга зор мүмкүнчүлүк берет.
Бул күн улуттук суусундуктардын жаӊыртылган дизайнда чыгарылышы менен да эсте калууда. Жаӊы заманбап дизайн Кыргызстандын чегинен тышкаркы жаӊы аудиторияга арналган.
Биздин суусундуктар мындан ары да белгилүү боло берет деп тереӊ ишенебиз!
Сүйүктүү кардарларыбызга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз! Сиздер «Шоро» компаниясынын 30 жылдык тарыхын биз менен чогуу кечирип, биз менен чогуу келе жатасыздар. Бизди тандаганыңыздар үчүн чоӊ ыракмат! Сиздер болбосоӊуздар биз бүгүнкүдөй натыйжага жетише алмак эмеспиз.
Шоро – 1992-жылдан бери күч-кубат.