Шоро компаниясы «Жашоо тартуулаган сейилбак» акциясына катышып, «Ынтымак» сейилбагынын борбордук аллеясында зараң дарактарын тикти

Шоро компаниясы дүйнөлүк алдыңкы катардагы компаниялар сыяктуу салттуу корпоратив жана корпоративдик белектерден табиятты сактоо пайдасына баш тартууда.
Быйыл биз «Жашоо тартуулаган сейилбак» акциясына катышып, «Ынтымак» сейилбагынын борбордук аллеясында зараң дарактарын тиктик.
Тигүү үчүн жетилип калган зараң көчөттөрү кокусунан тандалган эмес!
Жетилип калган жабык тамыр системасы менен көчөттөрдү отургузуунун артыкчылыктары:
алар жаңы айланага тез көнүп, азыраак ооруларга чалдыгат, ташуу жана көчүрүп отургузууда стресске кабылбайт.

Отургузулган дарактарыбыз бир нече жылдан кийин жетилип, сейилбагыбыз мындан дагы коозураак болот.
Бак-дарактар борбор шаарыбыздын тургундарын жана меймандарын таза жана салкын аба менен камсыздап, кубандырып турат.

Достор, сиздерди биздин сүйүктүү шаарыбызда тазалыкты сактоого, бактарды баалоого жана коргоого чакырабыз!