“Дордой” футбол комплексинде коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин элесине арналган Жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан Тажикстан жана Кыргыз Республикасынан мыкты жаачылар катышкан. Мелдештин ачылышына Азия жаа атуу федерациясынын вице-президенти Кази Чапол мырза баштаган ардактуу коноктор катышты.