Бүгүн Таабалды Эгембердиевди эскерүү күнү.

Таабалды Эгембердиев элдин берекети жана өнүгүүсү үчүн ата-бабаларыбыздын мурасын сактоо жана улуттук маданиятыбыздын өзгөчөлүктөрүн жандандырууга жол көрсөткөн

мекенчил деп эсибизде калат.

Урматтоо менен эскеребиз!

Таабалды Эгембердиев маегинде: «Кандай географиялык шарттарыбызды пайдаланып, кандай иштеп жана тилегине жетүү жолун көрсөтүү үчүн ушундай бир нерсе жасасам деп кыялданам. Өлкөбүздүн куту бар, дүйнөнүн эч бир жеринде жок нерселер бизде көп, тилекке каршы, биз ар дайым муну баалай жана пайдалана албайбыз” – дептир.

Алкыш менен эскеребиз!

Анын демилгеси менен кыргыздардын салттуу ичимдиктери “Шоро” компаниясы аркылуу баарына таанылды, «Супара» жана «Супара-Чункурчак» этнокомплекстери чет өлкөлүктөргө мактанаарлык ажайып жайга айланды, ордо федерациясынын президенти болуп улуттук оюнду сактап кеңири жайылтты.

Суктануу менен эскеребиз!

Учурда ийгиликке жетишкен ишкерлердин баары эле коомдун жыргалына кызмат кылууну вазийпам жана максатым дебейт. Негиздөөчүбүздүн мурасы өнүгүү жолунда глобалдуу өзгөрүүлөрдүн шарттарында түбөлүктүү болуусун чын дилибизден тилейбиз.

Архивтеги видео көрсөтмөсү: