«Tien Shan Legend» 19 литрлик тарадагы суу эч коркпостон күнүмдүк колдонууга ылайыкташкан. Диспенсерлерди үйлөрдө жана офистерде колдонуу ыңгайлуу гана эмес, пайдалуу дагы. 19 л идиштеги «Tien Shan Legend» булак суусу кадимки крандан аккан сууга караганда бир топ артыкчылыктарга ээ, муну менен бирге эле ден соолукту сактоого да шарт түзөт. Tien-Shan Legend булак суусу бир нече баскычтуу тазалоодон өтсө да, анын курамы мурдагы идеалдуу калыбында калып, тамак-аш жасоо үчүн да, тиричилик үчүн да жарамдуу бойдон калат. Мисалы, көпчүлүк керектөөчүлөр булак суусун ымыркайларды киринтүү үчүн колдонсо, кээ бирлери аквариумдарга колдонушат.
19 л идиштеги сууну сатып алуу үчүн диспенсердин болушу шарт эмес. Эми сиз суу үчүн FLOWER механикалык помпосун колдоно аласыз. Бул нерсенин уникалдуулугу – ал атайын тамак-аш үчүн полимердик материалынан жасалган түтүктү колдонуу менен даярдалып, ар кандай жыттардын жана бактериялардын пайда болушунун алдын алат. Мунун натыйжасында суу узак убакыт бою таза жана жаңы бойдон сакталат. Бул помпа үйгө да, офиске да абдан ыңгайлуу.
Суусундуктар ден-соолукту чыңдоочу касиетке ээ, иммунитетти чыңдап, ачкачылыкты жана суусаганды кандырат. 100% табигый продукт. ГМОсу жок. Консерванттары жок. Ассортиментте: «Максым Шоро», «Чалап Шоро», «Аралаш Шоро», «Жарма Шоро», «чычырканак кошулган Бозо Шоро » жана «Бозо Шоро Жумшак». Кененирээк маалымат бул жерде.
- Курут кальцийге бай болгондуктан, организмдеги зат алмашууну жакшыртып, сөөктөрдү бекемдейт. Уникалдуу курамга ээ: толук кандуу сүт белоктору, биологиялык активдүү заттар, углеводдор, микроэлементтер, А, Е, D витаминдери. Куруттун кычкылдуулугу жогору болгондуктан, майларды эритип, майлуу тамак-аштын сиңишине жакшы жардамын берет. Ассортименттеги: «Курут Х», индивидуалдуу, классикалык жана балдар учун. Кененирээк маалымат бул жерде.
- 4 даамдан турган жаңы азык — «Мөмө» табигый жемиш батончолорун сунуштайбыз: кара өрүк, инжир, тыт, чиа кошулган өрүк. «Мөмө» кантсыз консерванттарсыз даярдалат, курамында клетчатка, В тобундагы витаминдер, А, С, Е, РР витаминдери, энергияга каныккан жана ден-соолукка пайдалуу тамак-ашка ылайыктуу тез татым.
«Арашан» минералдык дарылык ашкана суусу. «Арашан» суусунун уникалдуулугу булактын өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Арашан суусу Ат-Башы кырка тоосунун түштүк капталынын этегинде, Нарын облусунда болжол менен 3300 метр бийиктикте башталат. Бул суу байыркы таш тектеринде көп баскычтуу табигый тазалануудан өткөн жана ошол себептен экологиялык таза табигый продуктунун үлгүсү болуп саналат.
«Ысык-Ата» минералдык, дарылык касиети бар ашкана суусу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим изилдөө институту тарабынан изилденген жана аны тамак сиңирүү органдарынын (гастрит, холецисти, колит), боордун, уйку безинин, заара чыгаруучу органдардын өнөкөт ооруларында, ошондой эле зат алмашуу бузулганда ичүүгө болот.
Сергитүүчү «Байтик» суусу жашоого дем-күч берүүчү касиетке ээ. Суусаганда бул сууну ичип жатып, организмде минералдык туздар топтолуп калат деп коркпой эле койсоңуз болот. Күнүмдүк колдонуу үчүн. Кененирээк маалымат бул жерде.
Диспенсер багытындагы бөлүм буйрутма менен «Шоро» компаниясындагы өндүрүштүн бардык түрлөрүн жеткире алат.