Tien Shan

Tien Shan Legend NIGHT

«Tien-Shan Legend» NIGHT – стилдүү, кызыктыруучу булак суусу атайын сен үчүн жана сенин ден соолугуң үчүн жаңы форматта чыгарылган!

«Легенда Найт» — дени сак болуу – бул стилдүү болуу дегендик!

Бүгүн көпчүлүк адамдардын саламаттыгы коркунуч туудуруп, бул көйгөйдүн масштабы кеңейип бараткан кезде сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүү тенденциясы да жалпы дүйнө боюнча кулачын жайып, көпчүлүк жаштар спортко маани беришип, туура тамактануу маселесин да четте калтырышкан жок. Сергек жашоо мүнөзүн жүргүзгөн адам физикалык жактан да, рухий жактан да жана социалдык жактан да толук жыргалчылыкка жетише алат. Мунун аркасында адам физикалык жактан гана узак өмүр сүрбөстөн, анын кылган ишинин: чыгармачылыгынын болобу, ишмердүүлүгүнүн болобу – өмүрү узак болот.Муну менен адам бактысына да жетише алат.
Албетте, көпчүлүк жаштар ден соолугуна кам көрүү менен бирге замандан артта калбай стилдүү да болгулары келишет.
Дал ушул прогрессивдүү, стилдүү, башкысы дени сак болууну каалаган жаштар үчүн «Шоро» компаниясы 2013-жылдын сентябрь айында стилдүү жасалгаланган алгачкы «Легенда Найт» клуб суусун чыгарган.
Эмне үчүн клуб суусу? Себеби аны клубдардан гана алууга болот.
Эмне үчүн клубдардан гана? Клубдун атмосферасынын кызыгына батып, кечке тынбай бийлегенде адамдын дене-бою көп сууну жоготот. Организмге суу жетишпей баштаганда, кан катып, баш ооруп, адамдын алы кете баштайт. «Легенда Найт» булак суусунун стилдүү бөтөлкөсүн заказ кылуу менен сиз организмиңиздин чаңкоосун кандырып, суунун тең салмагын жөнгө саласыз. «Легенда Найт» суусунун курамы көптөгөн жылдардан бери өзүнүн теңдешсиз сапаты жана көзгө тааныш болуп калган бөтөлкөсү менен ата мекендик рынокто кадыр-баркка ээ болуп, ордун тапкан «Легенда» булак суусуна окшош. Айырмачылыгы жана жаңылыгы – анын этикеткасынын Бишкектеги белгилүү дизайнер Кадыр Батырканов тарабынан иштелип чыккан стилдүү жана өзгөчө жасалгасында.
«Легенда Найт» менен биргеликте сиз дени сак болуу бул стилдүү экендигин сезесиз!
Негизги максаты – коомдун дени сак болушу үчүн пайдалуу азыктарды чыгаруу үчүн көптөгөн жылдардан бери жан үрөп иштеп келе жаткан «Шоро» компаниясы сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүнү, анын ичинде: организм жоготкон суунун ордун толтуруп жана суунун балансын көзөмөлдөп турууну гана сунуштап келет.
«Legend Night» — ден соолук, сулуулук жана имидж тартуулаган суу.

Сактоо боюнча сунуштар: Абанын температурасы +5 до +20 С ашпаган, күн нурларынан корголгон жерде. Сактоо мөөнөтү 6 ай.

АниондорHCO3¯ 50 - 100 мг/дм3/mg/dm3
SO4²¯ 10 - 30 мг/дм3/mg/dm3
Cl¯ 2 - 20 мг/дм3/mg/dm3
КатиондорCa²+ 20 - 40 мг/дм3/mg/dm3
Mg²+ 1 - 10 мг/дм3/mg/dm3
Na+ + K+ 2 - 20 мг/дм3/mg/dm3
Минералдашуу100 - 200 мг/дм3/mg/dm3

Попробуйте также