water
water
water
water

Улуттук Суусундуктар

«Шоро» компаниясынын чоң энелерибиздин салттуу ыкмасын колдонуу менен чын жүрөктөн даярдалган улуттук суусундуктары дарылык касиетке гана ээ болбостон, тамшандырган даамга жана суусаганда суусунду кандыруучу касиетке да ээ.

Кенен маалымат алуу
water
water
water
water

Минералдык жана булак суусу

Тээ бийиктеги мөңгүлөрдөн башат алган булак суусу өзгөчө жумшактыгы менен айырмаланат, анткени анын курамындагы минералдардын оптималдуу балансы муну камсыздап турушат. Мөңгүдөн эрип агып келген көк кашка суу ар бир тамчысында аруулуктун жана жаштыктын сырын камтып, кылымдардан берки мөңгү каткан сырды, табышмактуу маалыматты алып жүргөндөй…

Кенен маалымат алуу

Компания тууралуу

«Шоро» компаниясы Кыргызстандын рыногунда 1992-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул ишкерликти түзүүнүнтүпкү идеологиясы экологиялык жактан таза жана ден соолукка пайдалуу азыктарды чыгаруу менен ата-бабалардын салтынкайра жандандыруу болгон. Дээрлик 25 жылдык тарыхы бар компания бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын рыногунда улуттук суусундуктардын гана эмес, ошондой эле газдалган жана газдалбаган суулардын, табигый булак сууларынын жана минералдык суулардын бирден бир өндүрүүчүлөрүнөн болуп саналат.

«Шоро» компаниясы өзүнүн беделин гана эмес, жалпы эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин көтөрүү максатында улуттук суусундуктарды жана булак сууларын тышкы рынокко чыгаруу үчүн сапат менеджментинин деңгээлин жакшыртуунун үстүндө дайым иштеп келет.

Учурда компания улуттук суусундуктардын сериясын чыгарып, аларды Казакстан менен Орусиянын базарына алып чыгууга жетишти.

«Шоро» ишканасы ата-бабадан калган асыл салттарды сактоо менен маданиятыбыздын өнүгүшүнө салымын кошуп, коомубуздун ар бир мүчөсүнө биздин өлкөнүн жана элибиздин асыл баалуулуктарын жеткирүүгө аракет жасап келет.

«Шоро» компаниясынын улуттук суусундуктары ата мекендик жана эл аралык көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү болуу менен улуттун сыймыгы болуп калды.

 

көбүрөөк оку